Пайдалануунун жалпы шарттары

 

Акыркы жаңылоо: 2023-жылдын 07-ноябры

 

inDrive ге кош келиңиз!

 

Бул Пайдалануу шарттары ("Шарттар») сиз тараптан inDrive мобилдик тиркемелерин, веб-сайттарын, продуктыларын, контентин, каражаттарын жана платформасын (жалпысынан — "Платформа») колдонууңузду жөнгө салат .

 

Ушул Шарттарды кабыл алуу же Платформаны башкача колдонуу менен Сиз биз менен келишим түзөсүз. Сиз келишим түзгөн Компания, сиз жашаган аймакка көз каранды болот. Кыргыз Республикасында inDrive биз», «биз» же «биздин») менен келишим түзөсүз.

 

inDrive компаниясынын кызматтарынын белгилүү бир категориясына, мисалы inDrive.Courier, inDrive.Intercity, inDrive.Freight, кошумча шарттар колдонулушу мүмкүн. Жеке маалыматтарга карата эрежелерибиз жана жол-жоболорубуз Купуялуулук саясатында сүрөттөлгөн. Биздин Колдонуучунун жүрүм-турумунун кодекси ушул Шарттардын бир бөлүгү болуп саналат жана ушул жерде баяндалган. Ушул Шарттарды кабыл алуу менен жогорудагы Кодекстин шарттарына да макулсуз.

 

1. Көз карандысыз Айдоочулар. Жүргүнчүлөр үчүн тандоо

Биздин бизнес-модель

Биздин Платформа транспорттук, логистикалык жана чабармандык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн («Айдоочулар») көз карандысыз үчүнчү тараптарды жана алардын кардарларын («Жүргүнчүлөр») бири-бири менен байланыштырат. Жүргүнчүлөр сапарга чыгууга сурам жайгаштырганда, аалар Айдоочу кызматына өз баасын беришет. Сурамды көргөн Айдоочулар сунушталган баага макул болушат же каршы сунуш киргизе алышат.

 

Жүргүнчү сурамды кабыл алууга кызыкдар экендигин белгилеген Айдоочулардын тизмесинен Айдоочуну тандай алат. Жүргүнчү сапарды ырастаганда, Айдоочу менен Жүргүнчүнүн ортосунда өзүнчө келишим түзүлөт.

 

Жүргүнчү Айдоочуга Платформа аркылуу макулдашылган бааны төлөшү керек. Ушундай келишимдик баага, сапарга байланыштуу бардык чыгымдар (жыйымдар, жол чогултумдары, алымдар, салыктар ж.б.) кирет. inDrive компаниясы Айдоочу менен Жүргүнчүнүн ортосундагы эсептешүүлөргө катышпайт жана аларга эч кандай таасир этпейт.

inDrive компаниясынын статусу

inDrive компаниясы — транспорттук, логистикалык, чабармандык же башка байланыштуу кызматтарды («Кызматтарды») көрсөтпөгөн технологиялык компания. Бул Кызмат көрсөтүүлөр биздин Платформаны колдонуу менен көз карандысыз Айдоочулар тарабынан берилет. Кызматтарды сунуштоо же кабыл алуу боюнча ар кандай чечим ар бир колдонуучунун өз каалоосу боюнча өз тобокелчилиги менен кабыл алынган көз карандысыз чечим болуп саналат. inDrive компаниясы Айдоочуларга көрсөтмө бербейт жана аларды жалпысынан же Кызмат көрсөтүүдө көзөмөлдөбөйт. Сиздин Платформабызды колдонууну оптималдаштыруу үчүн кандай гана функция, жол-жобо же башка аракеттер болбосун, колдонуучу менен эмгек же агенттик мамиленин белгиси болуп эсептелбейт.

Бул шарттар, Жүргүнчүлөр Айдоочулар менен Кызматтарга байланыштуу макулдашууларды алмаштыра албайт жана алардын юридикалык күчүнө башкача таасир этпейт.

Жыйымдар жана төлөмдөр

inDrive компаниясы Платформаны колдонуу үчүн Айдоочулардан лицензиялык жыйым алууга укуктуу. Биз мезгил-мезгили менен лицензия жыйым өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуубуз. Платформаны андан ары колдонууңуз жаңыланган тарифтерге болгон макулдугуңузду билдирет.

 

Ар бир аткарылган буйрутма үчүн лицензиялык жыйым алынат. Төлөмдөр сиздин аккаунттуңузда белгиленет, анда сиз учурдагы лицензиялык жыйымдын суммасын биле аласыз.

 

Аткарылган буйрутма үчүн лицензиялык жыйым транспорттук каражат А пунктуна келгенде же «Мен келдим» баскычын басаардан мурда жүргүнчүгө чалганда алынат. Эгер Жүргүнчү буйрутманы жокко чыгарса же келбесе, төлөмдүн суммасы аккаунттагы эсебиңизге кайтарылып берилет. Бул учурда, сиз «Жүргүнчү чыккан жок» баскычын басышыңыз керек. Мындай учурларда кайтарып берүү тартиби буйрутма жокко чыгарылгандан жана inDrive компаниясы тарабынан текшерилгенден кийин 30 күнгө чейин созулушу мүмкүн.

 

Эгер, сиз inDrive тиркемесин алып салуу жана Шарттарды токтотуу жөнүндө бизге жазгандан кийин, аккаунттагы эсебиңизде колдонулбаган каражат калса, колдонулбаган каражаттарды кайтарып берүү боюнча жазуу жүзүндөгү сурамды, ошондой эле кайтарып алуу үчүн банк эсебинин реквизиттерин https://indrive.com/en/contacts/support/жөнөтүңүз.

 

inDrive компаниясы тарабынан накталай акча кайтарылбайт. Каражаттарды кайтаруу банк эсебиңизге пайдаланылбаган каражаттарды кайтарып берүү боюнча жазуу жүзүндөгү суроо-талабыңызды алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.

 

Эгер эсебиңизде пайдаланылбаган каражаттар калса жана биз сизден 3 жылдын ичинде пайдаланылбаган каражаттарды кайтарып берүү жөнүндө жазуу жүзүндө суроо-талап албасак, анда inDrive компаниясы Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 212-беренесине ылайык аларды эсептен чыгарууга укуктуу.

 

Эгер Айдоочунун inDrive тиркемесиндеги аккаунттагы эсеп балансы терс болуп калса, Айдоочу карызды 2 календардык күндүн ичинде төлөп бериши керек. Айдоочунун inDrive тиркемесине кирүү мүмкүнчүлүгү, баланс карыздын суммасына толукталганга чейин чектелет, бул мезгилде айдоочу Жүргүнчүлөрдүн сапарга чыгуу сурамын көрө албайт жана алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албайт.

 

Айдоочулар Платформаны колдонуу аркылуу көрсөтүлгөн Кызматтарга байланыштуу бардык тиешелүү салыктарды төлөө жана бошотуу үчүн жооптуу. inDrive компаниясы салыкка байланыштуу туура эмес иш-аракеттер болгон Жүргүнчүлөр менен Айдоочулардын ортосундагы транзакцияларга жооптуу эмес.

 

inDrive компаниясы өз каалоосу боюнча Жүргүнчү же Айдоочу үчүн ар кандай шарттар менен акцияларды, арзандатууларды, рефералдык программаларды жана лоялдуулук программаларын (мындан ары — «Сунуштар») мезгил-мезгили менен уюштурууга укуктуу. Мындай Сунуштар кызмат үчүн төлөмдөргө же сапардын баасына таасирин тийгизиши мүмкүн же арзандатуу катары көрсөтүлгөн суммаларды азайтып, бонус катары ишке ашырылат.

 

Бонустар inDrive тиркемесинде колдонуу үчүн гана жарактуу, өткөрүп берүү же накталай акчага алмашууга мүмкүн эмес. Бонустарды Айдоочунун буйрутмалары үчүн лицензиялык жыйымды төлөө үчүн колдонсо болот.

 

Сунуштар тууралуу кошумча маалымат тиркеменин ичинде билдирүү жөнөтүү жолу менен же ушул Шарттарда көрсөтүлгөн байланыштын башка каражаттарынын жардамы менен берилиши мүмкүн. inDrive компаниясы, inDrive компаниясы Сунушту ишке ашыруу же бонустарды алуу туура эмес, алдамчылык, мыйзамсыз же акция шарттарын же ушул Шарттарды бузган деп тапса же эсептесе, сунуштар аркылуу алынган Бонустарды же башка жеңилдиктерди кармоо же алып салуу укугун өзүнө калтырат. inDrive компаниясы ар кандай Сунуштардын колдонулушун каалаган убакта жана өз каалоосу боюнча колдонуучуну эскертпестен токтотуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу укугун өзүнө калтырат.

2. Сиздин inDrive аккаунтуңуз

Аккаунтту каттоо

Платформанын функционалына кирүү үчүн, бизден аккаунт түзүшүңүз керек. 18 жашка толгон жана биз менен келишим түзүүгө жана Платформаны колдонууга укугу бар адамдар каттала алышат. Аккаунт түзүүдө өзүңүз жөнүндө ишенимдүү жана актуалдуу маалыматты беришиңиз керек.

 

Алдамчылыктын алдын алуу, коопсуздугуңузду камсыз кылуу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарды жана жоболорду, санкциялык мыйзамдарды (жагдайга жараша) сактоо максатында аккаунтуңузду ачууда өздүгүңүздү тастыктоо үчүн сизден маалымат сурайбыз. Ошондой эле сизден маалыматыңызды мезгил-мезгили менен жаңылап, текшерип турууну суранабыз.

 

Платформаны Жүргүнчү же Айдоочу катары колдонуп жатканыңызга жараша ар кандай аккаунт түрлөрүн сунуштайбыз. Айдоочунун аккаунтун түзүү үчүн, бизге кошумча маалымат берип, тастыктоо процессинен өтүшүңүз керек.

 

Эгер платформаны башка мамлекетте колдонсоңуз, анда сиз ошол өлкө үчүн inDrive компаниясынын Шарттарын аткарууга макулсуз .

Аккаунтту жүргүзүү

Дайындарыңызды өзгөрткөндө, аны өз убагында жаңырлап турушуңуз керек. Эгер мобилдик номериңиз өзгөргөн болсо, бизге мүмкүн болушунча тезирээк кабарлаңыз. Эгер сиз телефон номериңизди мындан ары колдонбосоңуз, мобилдик операторуңуз аны Платформаны колдонууда сиздин аккаунтуңузга кире турган жаңы адамга бере алат.

 

Аккаунтуңузду башка адамдарга колдонууга бербеңиз. Түзмөгүңүзгө кирүү коопсуздугун жана эсептик дайындарыңыздын купуялуулугун камсыз кылышыңыз керек. Аккаунтуңуздун жардамы менен жасалган бардык иш-аракеттер үчүн сиз жооптуусуз. Эгер сиз үчүнчү тарап сиздин сырсөзүңүздү билет же аккаунтуңузга кирди деп шектенсеңиз, бизге https://indrive.com/en/contacts/support/ аркылуу кабарлаңыз.

АккаунттуӨчүрүү

Сиз каалаган убакта аккаунтуңузду жок кылууга укуктуусуз. Аны тиркеменин жөндөөлөрүнөн же колдонуучуну колдоо бөлүмүнө кайрылып жасай аласыз (https://indrive.com/ru/contacts/support/). Кээ бир учурларда, биз аккаунтуңузду жок кыла албайбыз же мыйзамдуу максаттар үчүн белгилүү бир маалыматты, мисалы, алдамчылыктын алдын алуу жана колдонуучуларыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу, юридикалык милдеттенмелерди сактоо, же чечилбеген дооматтар же талаш-тартыштар болгон учурда сактай алабыз. Аккаунт жабылгандан кийин маалыматыңызды кандайча иштетээрибиз жөнүндө түшүнүк берүү үчүн биздин Купуялуулук саясатменен таанышууну суранабыз.

 

3 жылдан ашык активдүү болбогон аккаунттар алынып салынышы мүмкүн. Аккаунтуңузду жок кылууга укуктуубуз ( «inDrive компаниясынын укуктары» бөлүмүн караңыз).

 

3. Сиздин коопсуздугуңуз

inDrive колдонуучуларынын ден-соолугу жана коопсуздугу биздин артыкчылык болуп саналат. Колдонуучуларыбыз үчүн коопсуз жана ишенимдүү чөйрөнү камсыз кылуу үчүн акылга сыярлык чараларды көрөбүз. Мисалы, бардык Айдоочулардын документтерин өз кызматтарын көрсөтүүгө уруксат берүүдөн мурда текшеребиз. Мындан тышкары, биз Айдоочунун аккаунтун аны каттаган айдоочу колдонуп жатканын жана Айдоочу ошол Айдоочунун аккаунтунда көрсөтүлгөн унааны колдонуп жатканын текшерүү үчүн тандап текшерүүлөрдү жүргүзө алабыз. Биз Жүргүнчүлөрдөн өздүгүнүн чындыгын текшерүүнү же мамлекеттик орган тарабынан берилген идентификациялык документти көрсөтүү аркылуу өздүгүн тастыктоону сурана алабыз.

 

Бардык аракет кылганыбызга карабастан, биз онлайн платформанын реалдуу дүйнөдө коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин моюнга алабыз. Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасында транспорттун сапатын же коопсуздугун көзөмөлдөбөйбүз.

 

Ар бир Жүргүнчү же Айдоочу өздөрү айткандай ким экендигине кепилдик бере албайбыз. Платформада көрсөтүлгөн Айдоочунун же Жүргүнчүнүн сүрөттөрүн жолугушууда көргөн адам менен текшерип көрүүнү суранабыз. Эгер сизге inDrive тиркемесинде көрсөтүлгөн айдоочу туура эмес келгенин көрсөңүз, анда inDrive компаниясына кабарлаңыз, биз бул учурду карап чыгып, айдоочуну жоопко тартуу чараларын колдонобуз.

 

Башка колдонуучулар менен баарлашууда көңүл буруп, этият болууга чакырабыз. Сиз Айдоочу кызматын колдонуу жана көрсөтүү менен байланышкан бардык тобокелдиктерди өз мойнуңузга аласыз.

 

Ден-соолукка же коопсуздукка коркунуч туулса, дароо колдонуучунун колдоо кызматына (https://indrive.com/ru/contacts/support/) кабарлаңыз же «SOS» баскычын пайдаланыңыз.

 

«SOS» баскычынын эки варианты бар:

- сиздин өлкөдө полиция чакыруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Эгер «Полиция чакыруу» баскычын бассаңыз, полициянын автоматтык номери бар стандарттуу терүү тактасы ачылат.

- байланыштарыңыздагы номер менен сапар тууралуу маалыматын бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Эгер «Сапар тууралуу маалымат жөнөтүү» баскычын чыкылдатсаңыз, сапар жөнүндө маалыматты алуучунун терүү тактасы ачылат, андан кийин сапарыңыз жөнүндө маалымат сиз көрсөткөн номерге жөнөтүлөт.

 

Колдонмобуз сиз үчүн коопсуз жана ыңгайлуу болушу үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз. Ошондуктан, биз колдонуучулардын верификация тутумдарын жана колдонмобуздун иштешин ар дайым өркүндөтүп, өзгөртүп турабыз.

4. Айдоочунун милдеттери

 

Айдоочу катары кызмат көрсөтүү менен, сиз төмөнкүлөрдү билдиресиз, кепилдик бересиз жана макулсуз:

– сизде жарактуу айдоочулук күбөлүк жана Кызматтарды көрсөтүү үчүн бардык зарыл болгон уруксаттар бар, Кызматтарды көрсөтүүгө медициналык каршы көрсөтмөлөр жок;

– сиз Кызмат көрсөтүү үчүн колдонгон унаанын ээси болуп саналасыз же колдонууга мыйзамдуу түрдө укуктуусуз; мындай унаа жакшы жумушчу абалда жана мыйзамдык жана тармактык стандарттарга жана коопсуздук талаптарына жооп берет;

– сиз inDrive компаниясына билдирилген унааны колдонуу менен гана Кызмат көрсөтүүгө милдеттенесиз;

- Кызмат көрсөтүү учурунда сизди унаада эч ким коштоп жүрбөшү керек;

- сиз чарчоонун, алкоголдун же баңгизаттын таасири астында кызмат көрсөтпөөгө же Кызмат көрсөтүүдө башка кооптуу же мыйзамсыз аракеттерди жасабанга милдеттенесиз;

- сиз Жүргүнчүлөрдү басмырлабаганга милдеттенесиз;

- сиз Платформа аркылуу Жүргүнчү менен макулдашылган баадан тышкары эч кандай кошумча төлөмдү талап кылбайсыз;

- сиз Жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүүдөн келип чыккан сиздин юрисдикцияңыздын тиешелүү мыйзамдарында каралган бардык тиешелүү салыктарды жана жыйымдарды эсептөө, чегерүү жана бюджетке төлөө үчүн жооптуусуз;

- сиз Кызматтар жана Платформаны пайдалануу менен байланыштуу маалымат менен камсыз кылуу боюнча биздин негиздүү суроо-талаптарды аткарууга милдеттенесиз;

- сиз Платформа аркылуу алган маалыматты Айдоочу кызматын колдонууга же көрсөтүүгө байланышпаган башка максаттарда колдонбойсуз.

– сиз кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга, санкцияларга, коррупцияга каршы, паракорчулукка, балдар эмгегин же мажбурлап иштетүүнү пайдаланууга тыюу салуучу мыйзамсыз соодага жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү менен байланышкан бардык колдонулуучу мыйзамдардын талаптарын тийиштүү түрдө аткарасыз жана мындай мыйзамдарды бузууга алып келүүчү иш-аракеттерди жасабайсыз, ошондой эле мындай иш-аракеттерге көмөктөшпөйсүз, ага катышууга эч кимди үндөбөйсүз жана шыктандырбайсыз.

– сиз өз өлкөңүздө колдонулуп жаткан inDrive компаниясынын эрежелерин сактоого милдеттенесиз.

 

5. Айдоочу жана Жүргүнчү коммуникациясы

 

Сиз inDrive кызматынын башка колдонуучуларына урмат-сый менен мамиле кылышыңыз керек. Башка колдонуучулар менен Кызматка байланыштуу максаттарда гана байланыша аласыз. Сиз керексиз байланыш маалыматын бөлүшпөшүңүз керек. Коммуникация, жоголгон буюмду кайтарып берүүдө зарыл болгон учурларды кошпогондо, кызмат көрсөтүү аяктагандан кийин токтотулат. Ар кандай башка коммуникация атайылап тынчсыздануу катары каралып, аккаунтуңуздун бөгөттөлүшүнө же жабылышына алып келиши мүмкүн.

 

Колдонуучуларга Платформада баарлашуу мүмкүнчүлүгүн беребиз, мисалы, тиркемедеги комментарийлер, чат же тиркемедеги чалуулар (бул функциялардын жеткиликтүүлүгү сиздин жайгашкан жериңизге жараша болот). Ушул Шарттардын сакталышын текшерүү үчүн Платформада башка колдонуучулар менен болгон байланышыңызды көзөмөлдөөгө жана жазууга укуктуубуз.

 

Бул функция жеткиликтүү болгон жерде, башка колдонуучу менен тиркеменин интерфейсинде көрсөтүлгөн мобилдик номери аркылуу байланыша аласыз. Бул учурда, уюлдук байланыш операторуңуз орноткон уюлдук телефон акысы алынат.

 

6. inDrive компаниясы менен коммуникация

 

Биз сизге аккаунтуңуз же сиз көрсөткөн Кызматтар тууралуу, inDrive жаңылоолор жөнүндө кабарлоолорду жана Платформалар, кайтарым байланыш сурамдардар жана маркетинг билдирүүлөрүн жөнөтө алабыз. Биз сиз менен электрондук почта, SMS, телефон жана push-кабарлоолор аркылуу байланыша алабыз. Сиздин макулдугуңузду талап кылган билдирүүлөрдүн түрлөрү боюнча, биз жергиликтүү мыйзамдардын талаптарын сактоого жана аларды алуудан баш тартууга мүмкүнчүлүк берүүгө милдеттенебиз.

7. Платформада тыюу салынган аракеттер

 

Платформаны колдонууда сиз төмөнкүлөрдү жасабоого тийишсиз:

мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоо;

ушул Шарттарды же inDrive компаниясынын Платформасынын жана Саясатынынэрежелерин бузган аракеттерди жасоо;

ушул Шарттарда каралбаган бардык максаттар үчүн Платформаны колдонуу;

аккаунтуңузду, сырсөзүңүздү же идентификаторуңузду башка адамга өткөрүп берүү же сатуу;

өзүн башка адамдай көрсөтүү же инсандыгын жашыруу, башка колдонуучунун аккаунтун колдонуу же колдонууга аракет кылуу;

башкаларды мыйзамсыз же кооптуу иштерге катышууга үндөө;

башка адамдарды куугунтуктоо, башка адамдарды коркутуу же атайылап тынчын алуу;

платформага туура эмес, орунсуз, кимдир бирөөнүн укуктарын бузган (мисалы, интеллектуалдык менчик объектилерине болгон укуктар, жеке турмушуна кол тийбестигине укуктар же жеке укуктар) же башка жол менен мыйзамсыз контентти жүктөө;

Платформанын иштешине же коопсуздугуна терс таасирин тийгизип, Платформага же ага байланыштуу тутумдарга же тармактарга уруксатсыз кирүүгө аракет кылуу;

Платформадан маалымдарды же контентти чыгарып алуу;

inDrive компаниясы үчүн жоопкерчиликти түзүү же ташуучуларга же ташуучуларга же такси кызматын жеткирүүчүлөргө тиешелүү мыйзамдарга туш болуубузга алып келүү.

 

8. inDrive компаниясынын укуктары

 

Биз мүмкүн болгон ушул Шарттардын бузулушун териштирүүгө укуктуубуз. Мындай иликтөөнүн жүрүшүндө, биз Платформанын айрым же бардык функцияларына кирүүнү токтото турууга же чектөөгө, болжолдонгон бузуунун оордугуна жараша негиздүү жана объективдүү иш алып барууга укуктуубуз.

 

Натыйжасында, аккаунтуңузду убактылуу же биротоло бөгөттөө же жок кылуу же Платформанын функцияларына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөө жөнүндө чечим кабыл алабыз, эгер:

биз негиздүү жана объективдүү иш-аракет кылуу менен сиз бул Шарттарды же башка эрежелерди жана inDrive компаниясынын Саясатын олуттуу же бир нече жолу бузганыңызды аныктасак;

бизде сиз бул Шарттарды бузуп жатасыз деп ишенүүгө объективдүү негиз бар болсо;

биз аны жасоого мыйзамдуу түрдө милдеттүүбүз;

бул олуттуу техникалык көйгөйгө, коопсуздук маселесине реакция катары негиздүү талап кылынат.

 

Эгер биз буга чейин ушул Шарттарды бузгандыгыңыз үчүн аккаунтуңузду жаап салган болсок, бирок сиз дагы биздин Платформаны колдонуп жатсаңыз (мисалы, башка аккаунт менен), биз мындай аккаунттарды бөгөттөөгө же жок кылууга укуктуубуз.

 

Эгер сиз аккаунтуңузду туура эмес бөгөттөп же жок кылды деп ойлосоңуз, анда https://indrive.com/en/contacts/support/ аркылуу кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылсаңыз болот.

 

9. Сиздин контент

 

Сиз платформага жайгаштырган маалымат, файлдар жана сүрөттөр үчүн жооптуусуз (жалпысынан — «Колдонуучу контенти») . Колдонуучу контентиңиз мыйзамды же эч кимдин укугун бузбагандыгына ынанышыңыз керек. Колдонуучулардын Колдонуучу контентин текшерүүгө милдеттенбейбиз жана ал үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпайбыз. Эгер биз ал мыйзамды жана ушул шарттарды бузуп жатат же inDrive компаниясына, биздин колдонуучуларга же башка үчүнчү жактарга зыян келтирип жатат деп ишенүүгө негиз бар болсо, Колдонуучу контентин алып салууга же ага кирүүнү чектөөгө укуктуубуз.

 

Биз Колдонуучулук контентиңиздин ээси эмеспиз. Колдонуучу контентин Платформага жайгаштыруу менен, сиз inDriveды дүйнө жүзү боюнча Колдонуучу контентин пайдалануу үчүн кайтарылгыс, акысыз жана өзгөчө эмес лицензия, анын ичинде Платформаны колдонуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо максатында, Колдонуучу контентин көбөйтүү, ыңгайлаштыруу же чыгарылма иштерди түзүү, Колдонуучу контентин көрсөтүү жана жалпыга жеткиресиз.

10. Интеллектуалдык менчик

 

Платформада inDriveга тиешелүү же inDrive компаниясы тарабынан лицензияланган контентти (дизайн, сүрөттөр, үндөр, тексттер, маалымдар базалары, баштапкы жана объект коддору, соода белгилери, ойлоп табуулар, катталган жана катталбаган интеллектуалдык ишмердүүлүк объекттери жана башка ушул сыяктуу объектилер ) камтыйт, ал автордук укук, соода белгилери, патенттер, коммерциялык сырлар жана башка ушул сыяктуу нерселер каражаттар менен корголгон. inDrive жана анын лицензиарлары, мүмкүн болсо, бардык мүлктүк жана башка укуктарга, анын ичинде Платформадагы интеллектуалдык менчик объектилерине бардык тиешелүү укуктарга ээ.

 

inDrive компаниясы сизге чектелген, өзгөчө эмес, өткөрүлүп берилбеген, кайтарылып алынуучу лицензияны төмөнкүлөргө берет: (а) Платформага кирүү жана Платформаны жеке түзмөгүңүздө Платформаны колдонуу максатында гана колдонуу; жана (b) Платформа аркылуу жеткиликтүү болушу мүмкүн болгон ар кандай Контентке же материалдарга кирүү жана көрүү, ар бир учурда сиздин жеке, коммерциялык эмес колдонууңуз үчүн жеткиликтүү болушу мүмкүн. Бул документте сизге түздөн-түз берилбеген бардык укуктар inDrive жана (же) анын лицензиаттары үчүн сакталат.

 

Сиз төмөнкүлөргө укугуңуз жок: (a) Платформаны өзгөртүүгө, көбөйтүүгө, Платформанын негизинде чыгарылма иштерди жаратууга; (b) реверсивдик кайра чыгарууга, декомпиляциялоого же башкача табууга аракет кылууга же атаандаштыкка жөндөмдүү продуктыны же кызмат көрсөтүүнү түзүү үчүн Платформанын баштапкы кодун өзгөртүүгө, интеллектуалдык менчик inDrive пайдалануу менен окшош идеяларды, мүнөздөмөлөрүн, функцияларын же графика, дизайн түзүүгө, ар кандай идеяларды, мүнөздөмөлөрдү, функцияларды, же график, дизайн көчүрүүгө; (c) шилтемелерди жасоого же Платформанын ар кайсы бөлүгүн ар кандай башка серверде же интернетке чыгуучу зымсыз түзмөктө чагылдырууга; (d) автордук укук менен корголгон материалды, товардык белгилерди же башка inDrive интеллектуалдык менчикке , inDrive компаниянын маалыматын алдын ала макулдугу жок маалыматты жарыялоого, жайылтууга же көрсөтүп турууга, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөндөрдү башка адамдарга уруксат берүүгө укугуңуз жок.

11. Зыяндын ордун толтуруу

Сиз inDrive компаниясына, анын аффилирленген жактарына, туунду компанияларына жана алардын кызмат адамдарына, директорлорго, кызматкерлерге жана агенттерге: (a) Платформаны же Кызматтарды колдонуунун; (b) ушул Шарттардын кайсынысын болбосун, кайсы болбосун колдонуудагы мыйзамды же ченемдик актыны же үчүнчү жактардын укуктарын, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөндөргө байланыштуу (жыйындысында — «Зыяндар) бузуунун натыйжасында келип чыккан ар кандай дооматтар, талаптар, чыгымдар, милдеттенмелер жана чыгымдар (анын ичинде юридикалык консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө негиздүү чыгымдар) боюнча келтирилген зыяндын ордун толтурууга, жоопкерчиликтен бошотууга жана укуктук коргоону камсыз кылууга кепилдик берүүгө макулдугуңузду билдиресиз.

12. Жоопкерчилик

inDrive компаниянын жоопкерчилиги

Кандайдыр бир мыйзамдарды жана эрежелерди колдонууну чектебестен, бардык шарттар, арыздар жана кепилдиктер-ачык, кыйыр түрдө, мыйзамда белгиленген же башка, анын ичинде товардык сапаттын, арналышы боюнча пайдалануу үчүн жарактуулуктун же үчүнчү жактардын укуктарын бузбоонун кандай гана болбосун кыйыр кепилдиктери ушуну менен максималдуу жана эң жогорку даражада алып салынат жана жокко чыгарылат.

 

Мыйзам тарабынан жол берилген максималдуу деңгээлде, inDrive компаниясы эч кандай шартта сизге же башка бирөөгө түздөн-түз, кыйыр, жазалоочу, экономикалык, көрсөтмө тартипте берилген андан кийинки өзгөчө, кокустан, кыйыр же алар контрактын, укук бузуунун негизинде болгондугуа карабастан (анын ичинде этиятсыздыктан) башка зыяндар же бардык түрдөгү жоготуулар үчүн жооп бербейт (анын ичинде өмүргө же ден-соолукка зыян келтирүү, эмоционалдык толкундоо жана маалымдарды, товарларды, кирешелерди, пайданы, пайдалануунун же башка экономикалык артыкчылыктардын жоготуулары) же башка жол менен Платформаны колдонуудан же ага байланыштуу, анын ичинде колдонуунун мүмкүн эместиги, жарнаманын толуктугуна, тактыгына жана жеткиликтүүлүгүнө болгон ишенимиңиз же inDrive компаниясына буга чейин мындай жоготуулардын болушу мүмкүндүгү эскертилсе дагы, сиз менен Айдоочунун ортосундагы мамилелердин жана транзакцияларынын натыйжасында келип чыгат.

Үчүнчү жактын кызматтары

inDrive компаниясы менен биздин колдонуучулардын ортосунда биргелешкен ишкана, өнөктөштүк, жумушка орношуу же агенттик мамилелер жок. Мыйзам тарабынан жол берилген максималдуу даражада, inDrive компаниясы кызмат көрсөтүүдө Айдоочунун же Жүргүнчүнүн аракеттери же аракетсиздиги үчүн жооп бербейт. inDrive компаниясы Платформанын колдонуучуларынын ортосундагы талаш-тартыштарга же сүйлөшүүлөргө катышпайт. Сиз түздөн-түз баш тартасыз жана inDrive компаниясын ар кандай жоопкерчиликтен, дооматтардан, доо же Платформанын башка колдонуучулары менен болгон мамиледе Платформаны колдонууга байланыштуу чыгым үчүн негиздерден бошотосуз.

 

Платформада Үчүнчү жактын кызматтары жеткиликтүү болсо дагы, айрым Үчүнчү жактардын кызматтары же Контенти Платформадан чыкканда гана жеткиликтүү. Мындай Кызматтарга жетүү үчүн шилтемени чыкылдаткандан кийин дароо, сиз веб-сайттын, көздөгөн жердин же көзкарандысыз кызмат көрсөтүүчүнүн шарттары жана купуялык саясатына баш ийесиз, алар inDrive компаниясынын шарттарынан жана саясатынан айырмаланат. inDrive компаниясы сизге башка веб-сайттын, көздөгөн жердин шарттарына (анын ичинде купуялык саясатына) баш ийгендигиңиз жөнүндө эскертпейт. Үчүнчү жактын веб-сайттарына жана жарнамаларына шилтемелерди колдонуу менен байланышкан бардык тобокелчиликтерди өз мойнуңузга аласыз, анткени алар Платформанын бөлүгү эмес жана inDrive компаниясы тарабынан көзөмөлдөнбөйт. inDrive компаниясы эч кандай шартта мындай үчүнчү жактын продуктылары же кызматтары үчүн жооп бербейт.

13. Талаштарды чечүү

Колдонулуучу укук жана сотко караштуулугу. Бул Шарттар Кипр Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. Талаш-тартыш болгондо, сиз экөөбүз алгач аны сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылабыз. Ушул Шарттардан же ага байланыштуу келип чыккан бардык талаш-тартыштар же талаптар, анын ичинде алардын жарактуулугуна, бузулушуна, токтотулушуна же жараксыздыгына байланыштуу талаш-тартыштар, Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын Вена эл аралык арбитраждык борборунун (VIAC) Арбитраждык регламентине (Вена регламенти) ылайык, көрсөтүлгөн Регламентке ылайык дайындалган бир арбитр тарабынан Вена эл аралык арбитраждык борборунун Арбитраждык регламентине (Вена регламентине) ылайык аягына чейин жөнгө салынат.

14. Ушул Шарттарда же Платформада өзгөрүүлөр

Бул Шарттарга же Платформага мезгил-мезгили менен өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуубуз. Шарттар жаңыланган учурда, биз алардын акыркы нускасын тиркемебизде жана веб-сайтыбызда жарыялайбыз. Ошондой эле, сизге таасир эте турган олуттуу өзгөрүүлөр жөнүндө алдын-ала кабарлап турабыз.

 

Биздин Платформаны колдонууну улантканыңыз биз киргизген өзгөртүүлөр менен макулдугуңузду билдирет. Эгер сиз мындай өзгөрүүлөргө макул болбосоңуз, Платформаны колдонууну токтотушуңуз керек болот.

 

 

15. Жалпы жоболор

Биз сизге ак ниеттүүлүк менен жана кесипкөйлүк деңгээлде иш алып баруу менен Платформа берүүгө убада беребиз. Көңүл буруңуз, биз Платформаны «кандай болсо ошондой» абалда камсыздайбыз. Бул Платформанын ишенимдүүлүгүнө, коопсуздугуна, өз убагында, сапатына, ылайыктуулугуна, жеткиликтүүлүгүнө, тактыгына же толуктугуна байланыштуу эч кандай ишеним көрсөтпөйбүз же кепилдик бербейбиз дегенди билдирет.

 

Платформаны тиркеменин учурдагы версиясына чейин жаңылап туруңуз жана түзмөгүңүздүн шайкештигин камсыз кылыңыз. Маалымдарды колдонуунун чексиз же өтө жогорку чеги бар маалымат планы бар Платформаны колдонууну сунуштайбыз.

 

Платформа inDrive компаниясы сунуштабаган үчүнчү жактын веб-сайттарына, жарнамалык кулактандырууларына, кызматтарына, сунуштарына же башка иш-аракеттерине шилтемелерди камтышы мүмкүн. Сиз аларды колдонуу менен байланышкан бардык тобокелчиликтерди өз мойнуңузга аласыз.

 

Ушул Шарттарда эч нерсе сиз өзгөртө албаган же келишимдик негизде баш тарта албаган мыйзамдуу укуктарга таасир этпейт. Сизге тиешелүү мыйзамдар тарабынан берилген коргоо каражаттары ар дайым сиздин карамагыңызда толук болот.

 

16. inDrive компаниясы менен байланышуу ыкмасы

 

Сиз: https://indrive.com/ru/contacts/support/шилтемеси аркылуу биз менен байланыша аласыз.